Биз менен байланышыңыз

«Kымыз-FEST – 2023» этнофестивалы Чуңкурчак жайлоосунда өтүүдө

Кыска кабар | 5 Авг 2023 | 250 | 0

Бүгүн, 5- августта “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда башталды.

Этнофестивалдын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар өтүүдө.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Фестивалдын максаты кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM