Ошто Абсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулаганын Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев билдирди.
5-август күнү социалдык тармактарда аталган көпүрө урап түшкөнү тууралуу маалымат тараган.
Ош шаардык мэриясы үн катып, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калгандыгын билдирди.
«Жөө өтмөк кулап түштү, көпүрө кулады деген маалыматтар тарап жатат. Өтмөктүн бетон куйган тарабы турат. Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куйган учурунда бир бөлүкчөсүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес», – деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиевдин айтуусуна караганда, келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алган.