5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Таласөрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 35…37 градус болот.