Биз менен байланышыңыз

4-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 785 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM