Биз менен байланышыңыз

3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 553 | 0

3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Нарын облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +22…+24, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM