Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаровдун Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу китеби чыкты

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 280 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» деп аталган китеп жазып, ал басылып чыкты.

Китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчисинде Жапаров өлкөнүн бардык тургундарын жаңы Кыргызстанды биргеликте курууга чакырган. Экинчисинде өлкөнүн негизги идеологиялык багыттары тууралуу айтып берген.  Үчүнчүсүндө кыргыз элинин каада-салты жана маданиятын сүрөттөп, идеологияны жаңыртуу зарылчылыгына токтолгон. Төртүнчү бөлүмүндө жыйынтыктоочу сөзү жазылып, бир муштумга бириксек гана күчтүү Кыргызстанды курабыз деген ой берилген.

Китеп 41 миң даана нуска менен басып чыгарылган. Анын аймактык китепканаларга жана түрдүү мамлекеттик мекемелерге таратылып жатканы белгилүү болду. Социалдык тармактан бир нече райондун китепканалары президенттин эмгеги келип түшкөнүн жарыялашкан.

Бул- Садыр Жапаровдун экинчи китеби, 2015-жылы «Саясаттагы 10 жыл» аттуу эмгегин чыгарган болчу. Жапаров ал китебинде саясаттагы 10 жыл ичинде өзү күбө болгон окуяларды жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM