Биз менен байланышыңыз

Баткен: Аксайлыктар Орунбековдун кызматтан алынуусун талап кылышты

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 2066 | 0

Баткендин Аксай айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков боюнча кат жолдошту. Кайрылууну укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Фейсбук баракчасына жарыялады.Катта Орунбековдун элден кечирим сурап, ээлеген ордун бошотуусун талап кылышкан.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич,

24-июлда сиздин пресс-катчыныз Дайырбек Орунбеков өз Фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сайлык Дубанаев Жениш атту тургунубузду күнөөлү кылып, аны «мас абалда» деп жазып чыкты:

«Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан», — деп жазган Орунбеков.

Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, тажик элине дагы тарап, алар өз каналадарында: «Мына Кыргызстандын президенттинин катчысы тастыктады бул нерсени, демек туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт» — деп, күнөөлөшүүдө.

Сизден суранабыз, пресс-катчы Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганга моралдык укугу жок, жумуштан кетсин.

Дубанаев Жеништин жана анын аялы Толгонайдын аброюна шек келтирилип жатат. Дубанаев Жеништин бир тууган агасы Баткен согушунда, кыргыз элин, жерин коргоо учурунда курман болгон» , — деп жазылган катта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM