Биз менен байланышыңыз

Жумалиева: Жаныбек Абиров талапкер боло албайт

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 776 | 0

Бүгүн, 28-июлда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 10-сентябрында өтө турган Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого экс-депутат Жаныбек Абиров өзүн-өзү талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева Абиров депутаттыкка талапкер боло албай турганын Фейсбук баракчасына жазды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 38-беренесинин 2-пунктунда : «Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес» деп турат. Бош мандаттын пайда болушуна жана эки жолу бюджеттен акча кетип шайлоо өтүшүнө Абировдун өзүнүн арызы негиз болгон. Ошондуктан ал жаран бул орунга ат салышууга моралдык да укугу болбошу керек», — деди Жумалиева.

Ошондой эле ал Абировдун талапкер катары катталышына каршы добуш бере тургандыгын билдирген. Буга чейин БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов да Абировдун талапкер боло албай тургандыгын билдирген.

Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартууну сураган.

Жаныбек Абиров мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеп, мандатын тапшырарын айткан. БШК Абировду 27-мартта мандатынан ажыраткан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Бишкектин Ленин району боюнча округда кайра шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бул округда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Учурда талапкер болууга арыз бергендердин саны онго жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM