Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Жаныбек Абиров талапкер болууга арыз берди

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 856 | 1

Бүгүн, 28-июлда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 10-сентябрында өтө турган Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого экс-депутат Жаныбек Абиров өзүн-өзү талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен аталган округдан талапкер болгондордун саны 10го жетти.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратып, 29-мартта президент Садыр Жапаров №26 Ленин округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарып, шайлоо күн 28-майга белгиленген.

Депутаттыкка 29 талапкер ат салышып, алардын ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыгып, 6 242 добуш алган. Бирок БШКга Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу бир нече маалымат түшкөн.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында эки киши кармалган. Андан кийин дагы бир талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелгенин УКМК билдирген. БШК анын да каттоосун жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майдагы шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаган.

10-июлда БШК 10-сентябрда кайра шайлоо өткөрүү боюнча жарыялаган. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдала тургандыгы да айтылган.

Коомчулукта Жаныбек Абировдун кайрадан талапкер катары шайлоого бара тургандыгы айтылып, кызуу талкууланып келген.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы
1 Искаков Эртай Дуйшобекович 22.02.1990 «За Япошки» КБ төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 13.07.2023 14:00
2 Алмаз уулу Аскар 07.11.1993 «Эл Умуту» СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 13.07.2023 15:53
3 Булекбаев Эркин Касымович 13.03.1961 «Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023
4 Ремнев Роман Павлович 04.05.1983 Коомдук жана саясий ишмер Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023 11:42
5 Бакир уулу Турсунбай 17.03.1958 И.Арабаев а. КМУ Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023 17:45
6 Асылбеков Куттубек Бообекович 02.02.1957 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 18.07.2023 11:21
7 Нышанов Назарбек  Айтбекович 20.03.1961 Врач, хирург-онколог Өзүн-өзү көрсөтүү 18.07.2023 16:20
8 Мамаев Сулайман Шамшиевич 16.05.1954 КР АЧМ караштуу М жана ЖИИИ жетекчи илимий кызматкер

 

Өзүн-өзү көрсөтүү 20.07.2023

14:00

9 Какчекеев Токтогул 19.01.1947 Аскер ардагери Өзүн-өзү көрсөтүү 26.07.2023
10 Абиров Жаныбек Болотбекович 22.12.1988 ЖЧК “ Строй Ленд” директор Өзүн-өзү көрсөтүү 28.07.2023 14:45

1 пикир

1 пикир

  1. Жаратов жалалидин

    29.07.2023 13:10

    Экстер болду эми тынч оокатынарды кылгыла силерден тажадык иштеп жатканда эмнени жыргатып койдунар силердин айыбынардан бюдетин акчасы сарпталып жатат эл деп иштеген эл окулдору иштеп жатышат жаштарга жол берейли арактан алыс иыймануу жарандарга жеке оюм.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM