Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: «Камбар-Ата-2» ГЭСине майнинг ферма койгонго уруксат бердик

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 551 | 0

Президент Садыр Жапаров «Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги майнинг ферма боюнча «Кабар» агенттигине түшүндүрмө берди.

Президенттин айтымында, Камбар-Ата ГЭСинин ичине 30 МВт ка чейинки майнинг ферма койгонго уруксат берилген.

«ГЭС 2010-жылы ишке кирген. 120 МВт иштеп чыгып келе жатат. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз. Анткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 гана МВт экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес», — деди ал.

Ошондой эле ал майнингти курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетерин, майнинг ферма ишке кирсе акча энергетиктерге түшөрүн айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM