Биз менен байланышыңыз

Прокуратура бала бакчадагы баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 355 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан №94 балдар бакчасынын кызматкери тарабынан 3 жаштагы тарбиялануучу баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиялоочусу Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

Бирок, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM