Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров 27-31-июлда Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат.
Жапаров бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.