Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ичүүчү сууга коюлган чектөөлөр алынды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 191 | 0

Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшыргандыгына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.

Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды.

Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат.

Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM