Connect with us

Динара Кутманова 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 297 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова 9-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Динара Кутманова УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, ал экология министри болуп турганда мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык тармакты уюштурган. Мындай иштерге кол алдындагы кызматкерлерин, уулу жана сиңдисин, үй кызматкери, уулунун досу жана башкаларды  тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону министрликтин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн.

Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM