Connect with us

Тендер аркылуу кызмат көрсөтүүлөр токтоду

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 206 | 0

Кыргызстанда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулар механизми жокко чыгарылды. Бүгүн, 25-июлда «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам ушул жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле «тендер» түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошентип, бул мыйзам менен 13 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:

  • татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алынып салынган жана кайра каралган;
  •  сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;
  • бир булактан методду колдонуу учурлары кеңейтилген.

Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM