Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 119 | 0

Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын белгиледи.

Мирзиёев куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, аймактык күн тартибин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM