Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 23 киши жабыркады (видео)

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 2331 | 0

Бишкек четиндеги Ак-Ордо 3 конушунда SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган 169-кичи автобусту сүзүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги «Маралга» билдирди.

Маалыматка караганда, кичи автобустун ичинде 24 адам болгон. Аларга тез жардам чакырылып, бир жүргүнчү ордунда каза болгон. Калган 23 жарандын ичинен төртөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Реанимациядагылардын үчөөнүн абалы өзгөчө оор, бирөөсү оор абалда деп бааланууда. Жети жаран денесинен ар кандай жаракат алып, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Калган жүргүнчүлөр врачтардын кароосунан өтүп, үйлөрүнө чыгарылган.

Күбөлөрдүн айтымында, SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жогорку ылдамдыкта келип, жүрүп бара жаткан кичи автобусту сүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM