Биз менен байланышыңыз

Жапаровду Сауд Арабияга коштоп кеткен делегациянын курамы

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 274 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик админситрациядан билдиришти.

Анда перезидент «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Расмий делегациясынын курамындагылар:

  • Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
  • Улукбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;
  • Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;
  • Тойгонбай Абдыкаров — Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
  • Каныбек Туманбаев – Президенттин иш башкаруучусу;
  • Талгат Аширбеков – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM