Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Сотторго чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керек (видео)

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 205 | 0

Президенттин жана министрлер кабинетинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Молдобаев «КР соту жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Билдирүүнү Президенттин админстрациясы таратты.

Анын айтымында, бул мыйзам менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.

«Конституциялык сотто өз чечимдерин кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк болушу керек. Мисалы, Конституция өзгөрүлсө, же жаңыдан ачылган жагдайлар болсо, элдин моралдык моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген учурда. Соттор да ката кетирет, айрым учурда туура эмес документтер берилет, ошол учурда ката кетет. Конституциялык чечимди кайрадан соттор өздөрү карап чыгат. Алардын үстүнөн башка эч ким көзөмөлдөбөйт», — деп түшүндүрдү ал.

Молдобаев президент жана Конституциялык соттун төрагасынын демилгеси менен чечимдерди кайрадан караса болоорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзамдын долбоору өлкө башчысынын расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Анда үч учурда Конституциялык соттун чечимин кайра кароо сунушталып жатат:

1. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

2. Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтомду чыгарат, анда ал чечим жокко чыгарылат.

3. Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун регламенти менен аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM