Биз менен байланышыңыз

Конституциялык соттун чечимин кайра кароону киргизүү сунушталууда

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 206 | 0

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык сот жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими кайра каралып, жокко чыгырылышы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргызстандын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Аталган учурда Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтом чыгарып, мурдагы чечим жокко чыгарылат.

Мыйзам боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Copyright © 2017 Maral FM