Биз менен байланышыңыз

Көп кабаттуу үйдүн дубалына Түгөлбай Сыдыкбековдун сүрөтү тартылды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 177 | 0

Бишкектин Манас проспектисиндеги  №49 үйдүн фасадына Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун портрети тартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Аталган иштер мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн. Ошондой эле жакын жердеги үйлөрдүн фасады сырдалып, ремонттон өткөн.

Буга чейин Манас проспектиси боюнча Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакка чыгып кеткен  ишканалар демонтаждалган.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин байытууга үндөгөн. Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын кызмат кылган.

Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. XX кылымдагы кыргыз адабиятында реалисттик прозанын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM