Connect with us

Ленин округунда кайра шайлоо өткөрүүгө 13 млн сом чыгымдалат

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 378 | 0

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдалат. Бул тууралуу Боршайкомдун 12-июлдагы жыйынында белгилүү болду.

Анын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары 8 млн 69 миң сомду жана бир мандатуу округдагы чыгым 5 млн 139 миң сомду түзгөн.

БШКдан билдиришкендей, бул жолку шайлоодо бир топ чыгымдар кыскартылган.

Аталган бир мандаттуу шайлоо округунда 28- майда өткөн шайлоого жалпы 18, 6 млн сом сарпталган

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM