Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдалат. Бул тууралуу Боршайкомдун 12-июлдагы жыйынында белгилүү болду.
Анын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары 8 млн 69 миң сомду жана бир мандатуу округдагы чыгым 5 млн 139 миң сомду түзгөн.
БШКдан билдиришкендей, бул жолку шайлоодо бир топ чыгымдар кыскартылган.
Аталган бир мандаттуу шайлоо округунда 28- майда өткөн шайлоого жалпы 18, 6 млн сом сарпталган
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.