Биз менен байланышыңыз

Баткенде 11 млн долларлык агрардык долбоор өз ишин баштады

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 288 | 0

Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүнгөн. Анын 11 млн доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Долбоорду АРИС ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганада, Баткенде «Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» аталышындагы жыйын болуп, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, АРИС, Агровей уюмдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлер катышты.

Анда АРИС уюмунун эксперттери айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Ал эми AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына жүргүзүлгөн комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Жыйындын негизги максаты долбоордун 2-компонентинин алкагында изилдөө натыйжаларын презентациялоо жана талкуулоо, кызыкдар тараптар менен кызматташуунун картасын түзүү, Баткен облусунда артыкчылыктуу өндүрүштүк өнөктөштүктү өркүндөтүү болгон.
Жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышып, ар бир айыл өкмөтү жеңилдетилген кредиттерди алуу үчүн иш пландарды жана долбоорлорду сентябрь айына чейин түзүү керектиги айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM