Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 230 | 0

Өзбекстанда июль айында өтө турган президенттик шайлоого көз салуу үчүн 785 байкоочу аккредитациядан өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, каттоодон өткөн жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн саны 1299 адамды түздү.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт. 8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

30-апрелде референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.

Шайлоого Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев катышат.

Өзбекстанда жаңы Башмыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM