Биз менен байланышыңыз

Миграция жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 144 | 0

Президент Садыр Жапаров «Тышкы миграция жөнүндө», «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документке кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 24-майда кабыл алынган.

Документ менен чек ара аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу, көзөмөлдөө, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагында иштөө үчүн документ берүү, каттоо, бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана макамын ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM