Биз менен байланышыңыз

Оштон Жидда шаарына туруктуу аба каттамы 21-августта ачылат

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 324 | 0

Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Жидда-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаарынан  Сауд Арабиянын Жидда шаарына туруктуу аба каттамы биринчи жолу ишке ашырылат.

Жаңы багыт боюнча биринчи учуунун болжолдуу убактысы 21-август күнгө белгиленген. Жиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткаруу пландалууда.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызcтандын Сауд Арабиядагы элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Flynas авиакомпаниясынын жетекчилиги Сауд Арабиясы менен Кыргызстандын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды аткаруу боюнча чечим кабыл алынды.

Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы үзгүлтүксүз каттамдарын 2023-жылдын 21-августунан жана Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча 2-сентябрынан тарта аткара баштайт.

Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан каттамдар “Ош” эл аралык аэропортуна жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү) жана “Манас” эл аралык аэропортуна дагы үч жолу (шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылат.

Flynas авиакомпаниясы Сауд Аравия Падышалыгында жана Жакынкы Чыгышта 70тен ашык багыттарга (ички жана эл аралык) жумасына 1500 рейси менен алдыңкы арзан баадагы авиакомпания болуп саналат.

2007-жылы ишке киргизилгенден бери Flynas өзүнүн каттамдарында 60 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыды жана алтынчы жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты арзан авиакомпаниясында төртүнчү жана Жакынкы Чыгышта биринчи орунду ээледи.

Flynas 8 жыл катары менен World Travel Awards сыйлыгы жана Skytrax тарабынан үч жыл катары менен Жакынкы Чыгыштын алдыңкы арзан баадагы авиакомпаниясы деп аталды, ошондой эле APEX рейтингинде эң жогорку категориясына ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM