Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Казакстан менен чек араны тактоо боюнча келишимди ратификациялады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 193 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Өзбекстан Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы чек араны демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 3-июлда Улуттук маалыматтар базасына жарыяланды. Документке 2022-жылы декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев иш сапар менен Ташкентке барганда кол коюлган.

Токаев бул келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга быйыл марттын аягында кол койгон.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгынын узундугу 2356 чакырым 666 метрден ашат. Чек ара 2021 жана 2022-жылдары Ташкент менен Астананын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде такталган.

Өзбекстан менен Казакстан чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 2003-жылы эле баштаган.

Zakon.kz сайты Сырдарыя жана Келес дарыяларынын агымынын өзгөрүшүнүн натыйжасында эки өлкөнүн чек арасы 5 чакырымга узарганын жазды.

«Чек ара салттуу түрдө дарыянын форматына ылайык сызылат. 2356 чакырым 666 метр азыр чек ара. Эми ал 5 чакырымга узарды», — деди Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Васильченко.

Келишимде мындан ары чек арадагы дарыялардын нугунун өзгөрүшү чек ара сызыгын өзгөртүүгө негиз болбой турганы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM