Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулууда

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 201 | 0

Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриел Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон «Күн булагы» күндөн энергия алуу станциясынын курулушу менен таанышты.

Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Инвестициясы 35 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоор казакстандык TGS-Energy Limited компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда, ал Казакстандагы энергиянын кошумча булактарынын бир катар долбоорлоруна инвестор катары катышкан.

Кыргызстан менен Казакстан күн электр станцияларын кура турган биргелешкен ишкананын 2022-быйыл ачышкан. Максаты — Ысык-Көлдүн аймагында кубаттуулугу 50 мегаваттка жеткен күн электр станцияларын куруу.

Долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет.

Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган. Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ошондой эле, «Күн-Булагы» ишканасы долбоордун алкагында инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM