Биз менен байланышыңыз

5-июлда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 249 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 5-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Таластын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM