Биз менен байланышыңыз

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 218 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Ысык-Көл облусунун башчысына, райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла электиги айтылды.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген.

Илияз Иманбетов Ысык-Көл облусунун башчысы болуп 2022-жылы 28-сентябрда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM