Биз менен байланышыңыз

«Мега» уюлдук компаниясынын мамлекеттик үлүшү аукционго коюлду

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 326 | 0

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт.

«Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

Аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар бүгүнтөн баштап 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат.

Аукционго катышуу үчүн электрондук соода аянтчасынын порталында катталып, арыз толтуруп, керектүү документтерди тиркөө жана көрсөтүлгөн объекттин баштапкы баасынын 10 пайызы (1 млрд 460 млн сом) өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөө керек.

Толук маалымат

Copyright © 2017 Maral FM