Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамын 14-июлда ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.
Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз аба каттамдарды жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарат. Бардык суроолор боюнча авиакомпанияга кайрылуу керек.
Жайкы туристтик мезгил учурунда Ысык-Көлгө Казакстандын Алматы шаарынан да учак каттоодо. Ошондой эле «Тез жет» авиакомпаниясы Ош шаарынан Ысык-Көлгө каттамдарды аткарып жатат.
Ал эми 15-июлдан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Азербайжандын борбору Бакудан Бишкекке үзгүлтүксүз аба каттамдарды ачат. Каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.