Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирип, энергетика, туризм, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар тармактарында кызматташууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстан менен соода, инвестиция, билим берүү жана туризм жаатында кызмтташса болорун белгиледи.
Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен биринчи жолу келди.