Биз менен байланышыңыз

4-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Июл 2023 | 142 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-июлда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 30…32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM