«Ош» эл аралык аэропорту техникалык себептерден улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Манас» аба майданынан кабарлашты.
«Аэропорт 1-июлда учактарды саат 19:00дөн саат 22:00гө чейин кабыл албайт жана жөнөтпөйт» , — деп айтылат маалыматта.
Аба майданы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу маанилүү экенин белгилейт.
«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы олуттуу нерсе жок экенин айтып, «Ош» аэропорту кайра ачыларын билдирди.