Ысык-Көлдө MadWay Rally эл аралык долбоорунун алкагында автоунаалардын жарышы өтөт.
24-июндан 1-июлга чейин Тянь-Шань тоолорунда 20дан ашык автомобиль, мотоцикл жана баги транспорту 2500 чакырымдан ашык жол жүрүшөт.
Бардык унаалар Mad Max: Fury Road («Безумный Макс: Дорога ярости») пост-апокалиптикалык боевик тасмасынын стилинде жасалган. Катышуучулар автоунаалардын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сыноодон өткөрөт, быйыл эл аралык жарыш Кыргызстанда өтүп жатат.
Бүгүн, 1-июлда өлкө президенти Садыр Жапаров долбоордун катышуучулары менен жолугушту. Жапаров унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен баарлашып, туристтик долбоорлорго ар дайым ачык экенин белгиледи.
MadWay Rally долбоорунун миссиясы — жаңы маршруттарды ачуу жана жайылтуу, жарыш өтүүчү жерлерди кайра куруу.
Мисалы, үстүбүздөгү жылдын июнь айында алар Кыргызстан элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кароосуз калган Өрнөк-Кемин жолун тазалоого жардам беришкен.
Ошондой эле бүгүн Булан-Сөгөттү айылындагы ат майданда чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусу менен MadWay Fest кайрымдуулук музыкалык фестивалы өтөт.
MadWay Rally — кипрлик ишкер Алексей Губарев тарабынан 2018-жылы демилгеленген долбоор. Катышуучулар негизинен IT тармагынын ишкерлер. Буга чейин долбоор Монголияда, Байкалда жана Алтайда өтүп, саякатчылар жапайы жаратылышта өздөрүн жана унааларын сынашат.