Биз менен байланышыңыз

Жылып туруучу көзөмөл камералары Чолпон-Атада да иштей баштады

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 529 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу аппараттык-программалык комплекси иштей баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Бул чара кырсыктардын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү максатында кабыл алынган.

Бүгүн түшкө чейин бул аппараттык комлекстин жардамы менен беш автоунаанын ар кандай эреже бузгандыгы аныкталып, убактылуу айып короо жайына токтотулду.

«Авто ураган» деп аталган аппараттык-программалык комплекстинин камералары аркылуу автоунаалардын издөөдө жүргөндүгү, айып пулдар өз убагында төлөнбөгөнү, каттоосу убактылуу токтотулганы, ылдамдыкты ашырып айдаган учурлар жана башка укук бузууларды аныктаса болот.

25-июндан бери Чүй облусунун Жайыл районунун «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда да жылып туруучу стационардык аппараттык-программалык комплекси иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM