Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдү коргоого багытталган маалыматтык кампания өттү

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 242 | 0

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бүгүн, 1-июлда «Ысык-Көлдү сактайлы» аталышындагы маалыматтык кампания өттү.

Иш-чара президенттин Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу максатында чыгарылган Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ɵткɵрүлдү.

Ага катышкан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин билдирди.

Анын айтуусунда, Ысык-Көлдү коргоо боюнча бирдиктүү программа кабыл алынды, комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлсө, жакынкы 10 жылдын ичинде көл жакшырат.

БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) «Агымды токтот» чакырыгы менен 2040-жылга чейин желим буюмдарын 80 пайызга кыскартуу керектигин талап кылат. Буга байланыштуу Төрөбаев желимден жасалган буюмдарды сатуудан жана колдонуудан алыстоого чакырды.

Жогорку Кеңеш «Кыргызстандын аймагында желим баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун колдогон.

Мыйзам долбооруна ылайык, желим баштыктардын ордуна биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда.

Полимер материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM