Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 2-июлда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+39 градус болот.