Биз менен байланышыңыз

Өндүрүш Токтонасыровго фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 777 | 0

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Активист бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты. Маалыматка караганда, 4-июлда кайра сурак берүүгө барат.

Ички иштер министрлиги активист Токтонасыровдун суракка чакырылышы жана кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Токтонасыровдун айтымында, ага фейсбуктагы билдирүү үчүн айып коюлууда.

«Мага ИИМдин тергөөчүсү А.Эркинбеков Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомду тапшырды. Документте менин Фейсбук баракчам аркылуу расалык жана улуттук кастыкты козуткан маалыматтарды жарыялагансың деп айтылат. Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун, саясат жөнүндө жазам, жаздым жана жаза берем. Алар менден кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышты, бирок мен жактоочунун катышуусуз бул ишке барбайм деп жооп бердим. Саат 23:00дө бошотушту», — деди Өндүрүш Токтонасыров.

30-июнда кечки саат 9дар чамасында белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Бир канча саат анын кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM