Биз менен байланышыңыз

«Салык чек»: Бүгүн он электромобиль ойнотулат

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 338 | 0

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Ала-Тоо аянтында «Чек талап кыл – байге утуп ал!» лотереясынын утуштары ойнотулат.

Буга байланыштуу кечки саат 18:00дөн түн ортосуна чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Утушка жалпы суммасы 6,1 млрд сомду түзгөн 6 млн 29 миң 756 ID-билет менен 233 миңден ашуун адам катышууда.

26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда башкы байгени утууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылды.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар шоу-концерт менен коштолот.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM