Биз менен байланышыңыз

Активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн да суракка кирди

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 293 | 0

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигине сурак берүүгө кирип кетти. Ал кечээ түнкү саат 23:00гө чейин сурак берип чыккан.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтуусуна караганда, Токтонасыровго карата Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом бар.

Абдирасулова бул оор берене экенин айтып, Токтонасыров камалышы да мүмкүн экенин белгиледи.

30-июнда кечки саат 9дар чамасында белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Бир канча саат анын кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM