Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров сурак берип чыкты

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 277 | 0

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда Ички иштер министрлигинде түнкү саат 23:00гө чейин сурак берип чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Анын айтымында, активист 1-июлда саат 10:00гө кайрадан суракка чакырылган.

«Мага ИИМдин тергөөчүсү А.Эркинбеков Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомду тапшырды. Документте менин Фейсбук баракчам аркылуу расалык жана улуттук кастыкты козуткан маалыматтарды жарыялагансың деп айтылат. Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун, саясат жөнүндө жазам, жаздым жана жаза берем. Алар менден кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышты, бирок мен жактоочунун катышуусуз бул ишке барбайм деп жооп бердим. Саат 23:00дө мени бошотушту», — деди Өндүрүш Токтонасыров.

Кечээ кечки саат 9дар чамасында белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Туугандары жана укук коргоочулар анын кайда экенин бир сааттан ашык биле алышкан жок. Кийин алар милиция кызматкерлери экени белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM