Биз менен байланышыңыз

«Мега» компаниясынын мурдагы жетекчиси 9-августка чейин камакка алынды

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 145 | 0

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун (азыркы MEGA) мурдагы башкы директору Азат Базаркулов 9-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 27-июнда чыгарды.

Азат Базаркулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө «Альфа Телекомдун» жооптуу кызматкерлери жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы тастыкталганын билдирген.

Тиешелүү экспертиза сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирилгени боюнча корутунду берген.

Алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген Азат Базаркулов кармалган.

«Альфа Телеком» же азыркы «Мега» компаниясын 2021-жылдын 16-мартынан 2022-жылдын сентябрь айына чейин Азат Базаркулов жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM