Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Тотонов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
Кыргыз фондулук биржасынан билдиришкендей, тийиштүү чечим 26-июнда чыккан.
Нурбек Тотонов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика-Ата журт» фракциясынан депутат болгон. 46 жашта, экономика, юридика жана теология боюнча үч жогорку билимдин ээси.
2014-жылы Оор атлетика федерациясынын президенти болгон.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы 31-майда Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлүп, 25-июлда каттоодон өткөн, 27-октябрда ишин баштаган.
Банктын негизги максаты, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкын май айынан бери Талантбек Өмүралиев жетектейт.