Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешине мүчө болду

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 95 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Тотонов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

Кыргыз фондулук биржасынан билдиришкендей, тийиштүү чечим 26-июнда чыккан.

Нурбек Тотонов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика-Ата журт» фракциясынан депутат болгон. 46 жашта, экономика, юридика жана теология боюнча үч жогорку билимдин ээси.

2014-жылы Оор атлетика федерациясынын президенти болгон.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы 31-майда Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлүп, 25-июлда каттоодон өткөн, 27-октябрда ишин баштаган.

Банктын негизги максаты, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкын май айынан бери Талантбек Өмүралиев жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM