Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы текшерүүлөр кыргыз мигранттарын түйшөлтүүдө

Коом , Саясат | 30 Июн 2023 | 703 | 0

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар текшерүүлөр күчөгөнүнө даттанып келишет. Анын алкагында мыйзамсыз миграцияга каршы камакка алуу аракеттери да болуп жатканы айтылууда. Буга байланыштуу айрым кыргызстандыктар президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин ишмердүүлүгүнө да нааразы болушууда. Ал эми элчилик мигранттарды мыйзамды так сактоого чакырат.

Москвадагы кыргызстандык жаран Абиба Абдыганиева Орусияда текшерүүлөр күч алганын, документтер туура, таза чыкса да, айыпка жыгып, күч менен үйдөн алып чыгып, милицияга жеткирип жатышканын билдирди.

«Жумуштан кийин үйгө келсек, аймактык тескөөчү бизди эртеден бери күтүп отуруптур. Баарыбызды милиция бөлүмүнө алып барып, «Айып пул салабыз, протокол менен төлөйсүңөр», — дешти. Мен «төлөбөйм» деп, ошол жакта үч саат айтышып отурдум. Алар: «Каттооңор бар жерде жашабаганыңар үчүн айып пул салабыз», — деп айтышты. А бирок мигранттардын баары эле каттоо боюнча жашабай турганын билишет, атайын акча өндүрүп алуу үчүн кылышат баарын. Үч саат макул болбой отурдум, аягында башым ооруп, өзүмдү начар сезип баштадым. Анан макул деп, акча берүүгө туура келди».

20-июнда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда Москвада кармалган ондон ашуун кыргыз жараны күч органдарынын атайын автоунаасында кетип баратып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан. Арасында кош бойлуу келиндер да бар экенин видеодон көрүүгө болот.

Автоунаадагылардын бири аларды негизсиз кармашканын айтып, буга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги реакция кылбай жатканына даттанган.

«Бир эле полиция бөлүмүнөн 14 кишини алып кетип баратат. Дагы башка жерлерден да ондогон мекендешибиз ушинтип барып соттолуп кетүүдө. Бизди кармагандан кийин дароо элчиликке кайрылалы деп, телефон чалдык, бирок албай коюшту. Эч кандай жардам жок. Көбүбүздүн документтерибиз туура, ага карабай соттойт азыр. Сот болуп жатканда бизди киргизбейт, эшикте туруп, чечимдерди колго алып жатабыз. Котормочу, юрист өңдүү жардамдарды такыр унуттук. Президент мырза, ушу маселелерге көңүл буруп, биздин элчиликтин ишин текшерүүңүздү өтүнөбүз».

Учурда Орусиянын ири шаарларында «Нелегал» деп аталган рейд жүрүүдө. Анын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар кармалып жатканы тууралуу видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга байма-бай тарап жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков бул текшерүүлөр мыйзамсыз миграцияга каршы багытталганын, Орусиянын аймагында такай жүргүзүлүп келерин маалымдады.

Ал мекендештерден келген ар бир кайрылуу боюнча дароо чаралар көрүлүп, жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Мындан сырткары текшерүүлөр мыйзамсыз жүргөн мигранттарга гана тиешелүү болгонун айтып, кыргызстандыктарды документтерин мыйзамдаштырууга чакырды.

«Негизи мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүү жолу татаал эмес, эки эле нерсе керек: биринчи, келгенде 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруу зарыл, демек Орусиянын аймагында жашай турган турак жайга катталуу керек. Экинчи эреже, мыйзамдуу эмгек келишими болушу шарт. Ушул эки эле эреже сакталса, чет элдик жаранда маселе жаралбайт.

Биздин кыргызстандык жарандар көп учурда жашаган жеринен катталбайт, жасалма миграциялык каттоолорду жасатып алышат. Мындай көйгөй Москва шаарында гана байкалат, аларды деле түшүнсө болот, анткени ал жакта турак жай, батир аябай кымбат болгондуктан, аргасыз ошол жолго барып жатышат».

Жолдошбеков кошумчалагандай, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, сотторго адвокатсыз чечим чыгарууга уруксат берилген. Айыпталуучу кааласа, адвокат талап кылууга укуктуу.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, мигранттар Сахароводогу миграция борборуна барып, каттоодон өтүп келиши керек. Бул үчүн эки-үч күн убактысын бөлүү зарыл. Бирок көпчүлүгү Сахарового барбай, маселени тез чечүү жолдорун издейт.

Мигранттардын кесиптик кошуунунун төрагасы Жамалидин Эшанкулов мындай көрүнүштөргө көп учурда мигранттардын өздөрүнүн шалаакылыгы себеп болуп жатканын белгилейт. Анын айтымында, көптөгөн кыргыз мигранттары каттоосу тууралуу жасалма документ сатып алып, жыйынтыгында полициянын колуна түшөт.

«Мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык түрдө кармап, сотко алып барганда, «сот залына киргизбей эле чечимдерди бат кабыл алып, коридордон берип коюп жатышат» деген маалыматтар бизге да келип жатат. Негизи биздин мигранттар тың, жоопкерчиликтүү жана өз укуктарын жакшы билгендей болушу керек.

Миграциялык каттоону атайын системага койдуруп коюшат. Койдуртуп койгондон кийин ар кандай учурлар болуп калат, үйдүн аянтына карап эле текшерип, системадан чыгарып коюшу мүмкүн. Аны болсо мигрант да, үйдүн ээси да билбей калат.

Мындай учурларда дароо элчиликке кайрылуу зарыл. Алардын шыр байланыш номурлары бар, ар бир кайрылууга реакция кылып, жардам беришет».

Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн былтыркы берген маалыматына караганда, 115 миң кыргыз жараны Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт. Учурда 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын абактарында отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталууда.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда мигрант аялдар эркектерден бир канча эсе өскөн. Буга чейин мигранттардын 70%ын эркектер, 30%ын аялдар түзсө, азыр аялдар 53%га жетти. Мунун кесепетинен 99 миң бала ата-энесиз чоңоюп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM