Биз менен байланышыңыз

Парламент «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзамды колдоду

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 471 | 0

Жогорку Кеңеш 29-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорун колдоду. Эми документке президент кол коюшу керек.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал министрлик сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки долбоор жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев маалымдагандай, мыйзам долбоорлору бириктирилгенден кийин талкуулар уюштурулуп, консенсус менен кайра сунушталууда. Депутаттар кат жүзүндө берген сунуштары да эске алынды.

«Бул мыйзам кабыл алынса, сапатты көзөмөлдөгөн департамент түзүлөт. Ал Министрлер кабинети аркылуу бардык билим берүү мекемелерин көзөмөлдөйт. Биз «тыйыш керек, текшериш керек» деген эле мыйзам долбоорлорун карабай, «жол ачып берели, багыт берели, колу-бутун бошотуп берели» деген пункттарды киргиздик. Бирок «окуу жайларды каттоо пункту калышы керек» деген сунуш —  орундуу. Муну калтырышыбыз керек. Ушундай консенсус менен иштейли. Бул бир гана эксперттердин мыйзамы эмес, министрликтин өкүлдөрү менен да чогуу иштеп чыкканбыз», — деди Акаев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдарын 76%ы бакчага барбайт. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат.

Мындан сырткары мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган.

Өлкөгө ваучердик системаны киргизүү шартпы?

Copyright © 2017 Maral FM