Биз менен байланышыңыз

«Бул эмне деген кайдыгерлик?» Президент Ысык-Көл боюнча кайрылуу жасады

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 477 | 0

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди текшерди.

Президент бул жаатта социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жасап, жарандардын жаратылышка кылган кайдыгер мамилесин сынга алды.

«Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр.

Бул эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген кара мүртөздүк?! Анан келип алып, экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз.

Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз», — деди ал.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, табиятты таза кармоого жана сактоого чакырды.

«Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели.

Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо да, көргөн, жолуктурган таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер.

Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат. Жаратылышыбызга өзүбүз күйбөсөк, эч ким күйбөйт, эч ким келип тазалап бербейт!»

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көл түбүнөн 100 километрдей балык кармоочу тор, 6,8 тоннага жакын таштанды алып чыккан.

Мындай көлөмдөгү балык уулоо шаймандары жана тиричилик калдыктары толук эмес төрт айдын ичинде Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда эле чогултулган.

Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүрүп жатат, андан ары түштүк жээкте улантылып, октябрга чейин бүткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM